БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бир нече адамдын автоунааларын үчүнчү тарапка сатып качып кетти делген жаран Алматыдан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Кармоо боюнча операцияга Алматы шаарынын Полиция департаментинин Криминалдык милиция башкармалыгынын кызматкерлери КР ИИМинин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.
"Шектүү 1986-жылы туулган Б.М. аттуу Бишкек шаарынын тургуну. Ленин райондук милициясы тарабынан издөөгө алынган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Бир нече кылмыш жасагандан кийин жашырынуу үчүн чет өлкөгө качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Алматы Полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда КРге экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.
Кармалган жаран төмөнкү кылмыштарга шектелүүдө:
Б.М. аттуу киши 2018-жылдын ноябрь айында Toyota Camry автоунаасын 6400 долларга сатып алып, ээсине акчасын бөлүп төлөөнү убадалаган. Бирок шектүү машинаны үчүнчү тарапка сатып качып кеткен.2018-жылдын октябрында Бишкек шаарынын тургунуна Mercedes-Benz E430 автоунаасын 8000 долларга сатып, кийинчерээк документин жасап берем деген шылтоосун айткан. Бирок бир жумадан кийин шектүү машинаны кайтарып алып, 5000 долларын карматат да, калган акчаны кийин берем деп алдап кеткен.
Андан соң 13 500 долларлык Honda CR-V, 10 000 долларлык Ford Transit, 4000 долларлык Nissan Maxima үлгүсүндөгү автоунааларды алдоо жолу менен алып, үчүнчү тарапка сатып жиберген. Жабырлануучулар тарткан зыяндын суммасы 27 миң долларды түздү.
2019-жылдын февраль айында iPhone XS үлгүсүндөгү телефонду 83 800 сомго бөлүп төлөө шарты менен алган. Ал жубайына белек кыларын айткан. Баштапкы төлөм катары 20 000 сом берип, ошол бойдон из жашырып кеткен.
ИИМ кармалган жарандын жогоруда айтылган фактылардан башка дагы алдамчылык иш-аракеттери бар экенин белгиледи.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.
Булардын арасында үй-бүлөсүн бычак, мылтык менен коркуткан атанын кылыгы, кара куурай өстүргөн кылмыштуу топ менен элди козуткан адвокаттын жоруктары бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айда соттор караган айрым иштердин өкүмүн сунуштайт.
27 жаштагы жигит таанышы менен бакчада арак ичип отуруп, экөө уруша кетишкен. Айыпталуучу өзүнөн бир жаш кичүү айылдашын катуу сабап, бычактап жиберген. Таяк жеген бала окуя болгон жерде көз жумган. Эртеси киши өлүмүнө себепкер жигит өзү милицияга барып, ал күнү арак ичпегенин, адам өмүрүн алган кырсык кантип болуп кеткенин өзү да билбей калганын айткан. Фемида өкүлдөрү мурда соттолгон эки балалуу атаны 15 жылга темир тор артында калтырды.
Кылмышка шектүү эркек өз аялы менен таарынышып жүрүп ажырашууга чейин жетип калган. Бирок бүлөсүнөн ажырагысы келбей, кайын журтуна барып, бир нече жолу аларды бычак, ок атуучу курал менен коркутуп чыр салган. Териштирүү маалында эргулдун жакындарын коркутуп-үркүтүп күч колдонгондугу далилденген. Үч баланын атасы 600 сааттык коомдук жумушка кесилди.
Борбор калаада адвокат болуп иштеген жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон адам менен таанышып, экөө Бишкек шаарында кара куурай өстүрүү үчүн атайын лаборатория ачкан. Аны кымбат балуу техника менен жабдып, сапаттуу үрөн, жер семирткич сатып алып баңгизат өндүрө башташкан. УКМК кызматкерлери алардын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда эки килограммдан ашык мыйзамсыз зат таап чыккан. Сот адвокатка 300 миң сом айып салып, экинчисин беш жыл үч айга камап, 100 миң сом төлөмөр кылды.
Борбор калаада адвокатттык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн юрист маалымат агенттиктери жарыялаган түрдүү макалалардын алдына улут аралык мамилени козутууга багытталган билдирүүлөрдү байма-бай жазып турган. Мындай аракеттерин ал бир нече ай жасап, соттук териштирүү маалында жогоруда айтылган айыптоолорду четке каккан. Погончондор шектүүнүн интернет булактарына жазгандарын атайын экспертизадан өткөрүп, кылмыштын курамын таап чыгышкан. Элди бөлүп-жарган жаран эми 300 миң сом мамлекетке төлөп бермей болду.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.
Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.