БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Араван райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, 18-февраль күнү жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Ал райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы жашы жете элек кызга зордуктоо фактысы боюнча корутунду берүү үчүн акча каражатын талап кылгандыгын маалымдаган.
Адис 1100 сом акча каражатын алган соң дагы 3000 сом берүүнү талап кылганы айтылат.
Бул факт Жазык кодексинин 238-беренеси ("Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ыкчам-тергөө иштери башталган.Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы арыз ээсинен акча каражатын алуу үчүн өзүнүн таанышын жиберген. Тергөөчүлөр акчаны накталай алып жаткан учурда видеого тартып алышкан. Натыйжада акча алууга келген адам дагы, шектүү адис дагы кармалган.
Мыйзамсыз акча алууга шектелген соттук-медициналык экспертизанын адиси мурда дагы ушундай факт менен жоопкерчиликке тартылгандыгы кошумчаланды.
Жакында эле сот Ми-8 МТВни башкарган учкучка карата өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фемида өкүлдөрүнүн чечиминин негизинде окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылды.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрүнүн биринен борбор калаадагы бир туристтик компания 2018-жылдын 9-июлунда тик учак буюртма кылган. Анын жардамы менен турфирма Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу өрөөнүнө чет элдик туристтерди жеткирмек. Ошентип аскер командирлери Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү учакты кароодон, экипажды медициналык текшерүүдөн өткөрүп коммерциялык каттамды аткарууга киришкен. Экипаждын курамында учкуч, бир командир, дарыгер, борттехник болгон. Алар чет мамлекеттен келген эс алуучуларды жүгү менен Түп районундагы Чар-Кудук тоосунан альпинисттердин лагери жайгашкан Түштүк Эңилчек өрөөнүнө алып бармак. Жүргүнчүлөрдүн арасында Япониянын үч, Польшанын төрт, Германиянын эки жараны жана бир котормочу бар болчу.
Аскердик тик учак таң эрте саат 7.30дар чамасында жолго чыгып, 40 мүнөт учуп барып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте жайгашкан узуну жана туурасы беш метр болгон чакан аянтчага конууга аракет кылган. Бирок тең салмактуулугун жоготуп солго ооп, коно турчу жерден 30 метр алыстыкка кулаган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү түрдүү жаракат алып, көз жумгандар болгон эмес. Генералдык штабдын карамагындагы учак жараксыз болуп, мамлекеттик казынага 37 миллион 723 миң 939 сом зыян келтирилген. Андан соң ал жактагылар тоонун башында кырсыктаган вертолеттун ичиндегилерди куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми аскер башчылары экинчи бортту жардамга жөнөтүп, жаракат алгандарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Казакстандан дагы бир тик учак жардамга келген.
Тергөө маалында жүргүнчүлөрдүн бири укук коргоо кызматкерлерине төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
"Окуя болгонго чейин жакшы эле учуп барганбыз, аба ырайы дагы жакшы болчу. Биз конгон маалда тик учак күтүүсүздөн эле силкинип, капталга ооп кетип кулады. Ызы-чуу болуп кетти. Учак жарылат экен деп андан чыгуу жолдорун издегем. Арткы сол жагын түрсөм ачылып кетип, баарыбыз ошол жерден шашкалактап чыкканбыз. Мен мамлекеттик органдардын, туристтик фирманын ишине дооматым бар. Анткени алар медициналык жардамды өз учурунда бере алышкан жок, тоого келгендерге тиешелүү шарт түзүлгөн эмес", — деген ал.Далилдер чогултулуп, күбөлөр, окуяга тиешеси бар офицерлер суракка алынып, иш сотко өткөн.
Курамына техник адистер, учкучтар кирген атайын комиссия окуянын толук чоо-жайын иликтөөгө киришкен. Түзүлгөн топ окуянын келип чыгышына аба ырайынын бузулушу, катуу шамал себеп болгон деп тыянак чыгарган.
Соттук териштирүү маалында аскердик учакты Ak Sai Travel жоопкерчилиги чектелген коому келишимдин негизинде жалдаганы белгилүү болду. Аталган компания пайдаланууга жараксыз болуп калган Ми-8 МТВни өз каражатынын эсебинен калыбына келтире тургандыгы айтылган. Себеби тараптар ортосунда ошол жылы камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн эле.
Териштирүү учурунда тик учакты башкарган пилот инструкциянын негизинде гана учканын айткан.
Сот 35 жаштагы учкучту Жазык кодесинин 379-беренеси ("Учуу эрежелерин бузуу") боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү жарандык иштер боюнча соттук өндүрүштүн алкагында кароо сунушталган.
Материал Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде жасалды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Аскер прокуратурасы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган учурду таап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирус апаатына каршы күрөш жүргүзүү максатында "Ганси" авиабазасын илдетке чалдыккандарды кабыл алуучу ооруканага айлантуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүнгөн. Тийиштүү кызматкерлер акчаны максатсыз пайдаланган.
"Текшерүүдө аныкталгандай, "Аскер курулуш" ишканасынын кызмат адамдары жең ичинен сүйлөшкөн компаниялар менен бирге жасалган жумуштардын көлөмүн, курулуш материал, жабдыктардын баасын негизсиз кымбаттатып жазганы аныкталды. Мындан сырткары, жасалган иштер ар башка субподрядчылардын актыларында кайталанып көрсөтүлгөн. Натыйжада мамлекеттин казынасына 2 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өңдүрүш башталды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи. Иш-чарада биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышкан.
"Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан", — деди президент.
Жапаровдун белгилешинче, бүгүн өлкө айымдары ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда. Ошол эле учурда алар ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, демилге көтөрүп, реформаларды колдоп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу менен бирге, эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп келишүүдө.
Мамлекет башчы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.
"Биз аял врачтардын, медайымдардын, волонтёрлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз. Алар бул илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр, жаңылануу курсунун ишке ашырылышы кыргызстандык аялдардын түйшүгүн жеңилдетип, укугун коргойт деп ишенебиз. Ушул жаркыраган Жаз майрамында сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм!" — деди Жапаров.
Өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар — мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар сөз сүйлөп, президенттин куттуктоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге өз тармактарындагы актуалдуу маселелерге учкай токтолушту.