БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мечиттердеги садака кутучаларынан акча уурдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
20-февралга караган түнү белгисиз адамдар Сүлүктү шаарында жайгашкан "Нур-Вали" мечитиндеги темир сейфти бузуп, 77 000 сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кулунду айылындагы базардан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү шаардагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда эркек кишини өзүнүн батиринен атып кетишкен. Бул туурасында Свердлов райондук ИИБден кабарлашты.
Милицияга көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эс-учун жоготкон эркек кишинин жатканы боюнча кабар 26-февралда саат 00:40та түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери анын каза болуп калганын аныкташкан.
Криминалист-эксперттер сөөктү карап жатканда ийининен жарадар болуп, бирок ок көкүрөгүнөн кирип, жүрөгүнө кадалып калганын аныкташкан.Милициядан ал 38 жаштагы С.Д. аттуу жаран экендигин билдиришти.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 130-беренесинин ("Киши өлтүрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө башталган.
Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин О.Т. аттуу орун басары менен кайгуулчу милиционерлер ортосунда мушташ чыккан эмес. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин айрым ЖМКлар ишенимдүү маалымат булагына таянып, милиционерлер чырдаша кетишкенин жазышкан.
ИИМден билдиришкендей, 21-февраль күнү саат 00:05те Москва көчөсү менен Эркиндик проспектинин кесилишинде Кайгуул-күзөт кызматынын милиционерлери MVD218B номери тагылган Lada Priora үлгүсүндөгү кызматтык унааны токтотушкан."Рулду Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын өкүлү мас абалында башкарып бараткан. Ал эми РИИБдин жетекчисинин Т.М. аттуу орун басары жүргүнчү катары бара жаткан", — дешти ИИМден.
Факты боюнча протокол түзүлгөнү белгиленди.
"Автоунаа айып короого токтотулду. Мушташ чыккан эмес. Ошондой эле РИИБ жетекчисинин орун басары рулду башкарып бараткан деген сөз калп", — деп айтылат маалыматта.
Учурда ички иликтөө кызматы окуянын чоо-жайын аныктап жатат.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.