Бишкекте Subaru түркүктү сүзүп, ал унаанын үстүнө кулаган. Кырсыктын видеосу

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыктан кийин автоунаа. Иллюстративдик сүрөт
Жол кырсыктан кийин автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Айдоочу унаасын башкара албай калып түркүктү сүзүп алган. Темир-бетондон жасалган мамы көлүктүн үстүнө кулаган учурда ичинде киши болгон-болбогону белгисиз.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ак-Өргө жаңы конушундагы айлампа жолдо Subaru үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдык менен темир-бетондон жасалган түркүктү сүзүп алган. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 23-февралга караган түнү Ахунбаев менен Кырк-Кыз көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
Анда көрүнүп тургандай, автоунаа түркүктү сүзгөндө, ал көлүктүн үстүнө кулаган. Ошол учурда автоунаанын ичинде айдоочу болгону же чыгып кеткенге жетишкени белгисиз.
Кайгуул кызматынын маалымат катчысы Subaru үлгүсүндөгү автоунаа чыгыштан батышты көздөй Ахунбаев көчөсү менен бара жатканда айдоочу рулду башкара албай калып түркүктү сүзгөнүн билдирди.
Автокөлүк айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын себептери такталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0