Ысык-Атада аялын коркутуш үчүн өгөй уулун сабап, видеого тарткан киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши баланын колун кармап жатат. Архив
Киши баланын колун кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
25 жаштагы келин жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын жолдошу уруп жатканы тартылган.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районунда өгөй баласын сабаган киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, 23-февралда, райондук ички иштер органдарына 25 жаштагы келин жарандык никедеги күйөөсү кечээ кечинде беш жаштагы баласын ур-токмокко алганын айтып кайрылган.
Аялдын айтымында, 22-февралда жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын уруп жатканы көрсөтүлгөн.
Окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2019
Токтогулда 1-класстын окуучусу ырайымсыз сабалган. Өспүрүм шектелүүдө
Аталган факты Жоруктар кодексиндеги "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен каттоого алынган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 33 жаштагы киши кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу тергөө абагына киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Жашы жете элек бала Тез жардам кызматынан жардам алгандан кийин энесине амбулатордук дарылануу үчүн берилген.
Арыз жазган аял менен шектүү беш жылдан бери чогуу жашап, Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайда иштери аныкталган. Сабалган баладан тышкары экөөнүн төрт жаштагы баласы бар экени белгилүү болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0