БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечинде Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн, учурда жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жайыл районунда кечки саат 21:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап жатат. Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтпөйт", — деп айтышты ӨКМден.
Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Тоо жактагы өрт куураган чөптөн чыккан. Аны өчүрүүгө саат 19:58де Ленин районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 22:09да чектөөгө алынганы маалымдалды. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилери айтылды.
АКШ 20 жылдан бери талибдер менен эпке келип, өлкөдө тынчтык орнотуу оюн ишке ашыра алган жок. Америкалык жоокерлер качан Афганистандан толук чыгып кетет? Согушкерлерге эмнени түшүндүрүп, кырдаалды кантип жолго салып кете алат. Суроолорго жоопту видеодон көрүңүз.