Ок жүрөгүнө жетип токтоп калган. Бишкекте эркек кишини атып кетишти

© AP Photo / Charles Rex ArbogastТапанчадан атып жаткан адам. Архив
Тапанчадан атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Кишинин сөөгүн көп кабаттуу тамдагы батирлердин биринен табышкан. Анын ким экендигин аныктап, учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда эркек кишини өзүнүн батиринен атып кетишкен. Бул туурасында Свердлов райондук ИИБден кабарлашты.
Милицияга көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эс-учун жоготкон эркек кишинин жатканы боюнча кабар 26-февралда саат 00:40та түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери анын каза болуп калганын аныкташкан.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Ошто мектеп окуучусун өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды
Криминалист-эксперттер сөөктү карап жатканда ийининен жарадар болуп, бирок ок көкүрөгүнөн кирип, жүрөгүнө кадалып калганын аныкташкан.
Милициядан ал 38 жаштагы С.Д. аттуу жаран экендигин билдиришти.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 130-беренесинин ("Киши өлтүрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө башталган.
Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0