Милиция “Бишкек суу каналга” уурулукка кирген төрт адамды кармады

© Фото / пресс-служба МВД КРСтаршина милиции Нурсейит Бекназар уулу
Старшина милиции Нурсейит Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Эки чоочун киши эшиктин алдында турган, дагы экөө объектинин ичине кирип, фонарик жандырып бир нерсе издеп жатышкан.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Милиция кызматкерлери “Бишкек суу каналдын” имаратына уурулукка кирүүгө аракет кылган төрт адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин кайтаруу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милициянын старшинасы, кайтаруу полкунун кызматкери Нурсейит Бекназар уулу “Бишкек суу каналдын” бир объектисин кайтаруу учурунда, 13-февралда кечки саат 19:00дөр чамасында эшиктин алдында эки чоочун киши турганын байкаган.
Дагы экөө объектинин ичине кирип, фонарик жандырып бир нерсе издеп жатышкан.
“Кайтаруу полкунун кызматкери чоочун кишилерге токтоого буйрук бергенде, качып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок милиционер аларды кармоо максатында табелдик куралы менен асманга ок чыгарган. Ошондо гана токтошкон. Бир нече мүнөттөн кийин кармоо тобу жана бөлүмдүн командири келген. Кармалгандар Октябрь райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди”, — деп айтылат маалыматта.
Кайтаруу кызматы кармалган төрт адам имаратка уурулук кылуу максатында киргенин белгиледи. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0