Кармалган шектүү

Бүгүн таңда Кара-Сууда үй ээсин өлтүрүп, сейфин алып кетишти. Эки шектүүнүн сүрөтү

1162
(жаңыланган 16:00 27.02.2021)
Жабырлануучу Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилип, тилекке каршы, үч сааттан кийин каза болуп калган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунда сейфти уурдоо үчүн үй ээсин өлтүрүшкөн. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 27-февралда, эртең менен саат 07:13тө Кара-Суу райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Т.У. аттуу 55 жаштагы аял миздүү нерседен жараат алып ооруканага түшкөнү туурасында кабар жеткен. 

Подозреваемые в разбое и в убийстве
© Фото / пресс-службе УВД Ошской области
Шектүү катары Кара-Суу шаарынын Крылов көчөсүнүн жашоочусу 20 жаштагы А. уулу А. жана К. А. кармалган
"Текшерүүнүн жүрүшүндө бүгүн таңкы саат 05:00 чамасында белгисиз эки адам беттерин чүмбөттөп алып Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйгө уруулукка киргени аныкталды. Алар уктап жаткан үй ээсин жыгач таяк менен башка уруп, андан соң бычак менен сайып, бөлмөдө турган темир сейфти алып качып кетишкен. Жабырлануучу Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Тилекке каршы, ал үч сааттан кийин каза болуп калды", — деди Аширбаев.

Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пункту ("Каракчылык, опузалап талап кылуу же терроризм акт менен коштолгон киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 

В одном из домов Кара-Суу нашли украденный железный сейф, нож, палку и маски.
© Фото / пресс-службе УВД Ошской области
Үйүн тинтүү учурунда ачыла элек темир сейф, бычак, жыгач таяк жана бет чүмбөттөрү табылган

Натыйжада кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Суу шаарынын Крылов көчөсүнүн жашоочусу 20 жаштагы А. уулу А. жана К. А. кармалган. Үйүн тинтүү учурунда ачыла элек темир сейф, бычак, жыгач таяк жана бет чүмбөттөрү табылган.

Азыркы тапта тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

1162
Белгилер:
сейф, милиция, кылмыш, Кара-Суу району, кармоо
Тема боюнча
Ээси жылытам деп от алдырып койгон. Ошто унааны айдай качкан киши кармалды
Аялдарга кечинде кол салып турушкан. Милиция Аламүдүндөн шектүүлөрдү кармады
Жолдо бараткан унаа. Архив

Токмокто эки кишини сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

73
(жаңыланган 12:04 15.05.2021)
Кырсыкка кабылган 20 жана 16 жаштагы жарандар ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Чүйдүн Токмок шаарында эки адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жума күнү, 14-майда, болжол менен саат 22:30дар чамасында Токмок шаарынын Ленин көчөсүнөн өтүп бара жаткан жарандарды белгисиз бирөө унаа менен сүзүп кеткен.

"Айдоочу жабырлануучуларга жардам берүүнүн ордуна окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жолдон өтүп бараткан 20 жана 16 жаштагы тургундар ар кандай жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген. Ошол эле күнү изи сууй электе шектүү К.Р. аттуу айдоочу аныкталып, колго түшүрүлгөн. Ал Токмок шаарынын 34 жаштагы тургуну болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя териштирилип жатат, ал эми автоунаа айып короого киргизилди.

73
Белгилер:
Кыргызстан, Токмок, жол кырсык, шектүү
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түптө жүрөк үшүн алган жол кырсыктан 18 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт
Айтикул уулу: жыл башынан бери Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды

Имараттарды кыйраткан ракеталар. Газа тилкесинен тартылган видео

342
(жаңыланган 18:49 14.05.2021)
Израиль армиясынын Газага абадан урган соккуларынан улам курман болгондордун саны өсүүдө. Алардын арасында аялдар менен балдар бар. Расмий маалыматтар боюнча, 119 адам каза таап, жүздөгөн киши жаракат алган.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы конфликт 10-май күнү кечинде курчуган. Эки жак тең ракета менен аткылоону токтотпой жатат.

Газа тилкесинен 1 500дөн ашык ракета коё берилген. Израиль дагы ХАМАС кыймылына жооп кайтарууда.

Буга чейин ЖМКлар Израиль сотунун чечими менен Чыгыш Иерусалимдеги Шейх-Жаррахта жашаган бир нече палестиналык үй-бүлө аталган аймактан чыгарылганын жазган. Ал эми 7-майда палестиналыктар менен Израилдин полициясы кагылышкан. Тартип сакчылары Аль-Акс мечитине чабуул коюу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан.

10-майда ХАМАС аталган аймактан аскерлерди чыгарып кетүү талабын койгон. Кечинде массалык түрдө ракета менен аткылоо башталган.

342
Белгилер:
мечит, Палестина, Израиль
Тема боюнча
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
Кыргызстандын желеги. Архив

Өкмөт эгемендүүлүк майрамында кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады

7
(жаңыланган 20:26 15.05.2021)
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Министрлер кабинети эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата
кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов аталган күндү майрамдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрүп жатканда сөз болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республиканын түптөлүшүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планына Бишкек шаарында жана аймактарда өткөрүлчү 100дөн ашуун иш-чара киргизилген.

“Кеңешменин жүрүшүндө өлкө президентинин кайрылуусуна ылайык, планга кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү киргизүү сунушталды. Министрлер кабинетинин башчысы 30 жылдыкты майрамдоо боюнча иш-чаралар планын толуктап иштеп чыгууну жана сын-пикирлерди эске алуу менен үч күндүн ичинде уюштуруу комитетинин талкуулоосуна сунуштоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, юбилейлик датага карата театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, бир катар ири көргөзмөлөр жана ат оюндары өткөрүлөт. Ошондой эле улуу Кыргыз каганатынын түзүлүшүнөн баштап, азыркы мезгилге чейинки басып өткөн жолу тууралуу сүрөт китебин түзүү пландаштырылууда.

Марипов белгилегендей, бардык иш-чаралар республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Анткени жаңы Конституцияга Курултай институту тууралуу киргизилген.

7
Белгилер:
план, курултай, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, майрам, Улукбек Марипов, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады