Бишкектин чок ортосунда тайгаланган автоунаа арыкка түшүп кетти. Видео

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Кадрдан көрүнүп тургандай, сары түстөгү автоунаа тайгаланып, жол четиндеги бордюрга урунуп, андан кийин арыкка түшүп калган.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Honda Fit унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан кабарлашты.
Окуя Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, анын видеосу "Короче" Telegram-каналына чыкты.
Кадрдан көрүнүп тургандай, сары түстөгү автоунаа тайгаланып, жол четиндеги бордюрга урунуп, андан кийин арыкка түшүп кеткен.
Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, айдоочу жабыркаган эмес. Унаа болсо айып короого токтотулду.
Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0