БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.
Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Тоо жактагы өрт куураган чөптөн чыккан. Аны өчүрүүгө саат 19:58де Ленин районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 22:09да чектөөгө алынганы маалымдалды. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилери айтылды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.
Эске салсак, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан "Ысык-Көл" тамыры чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге "эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?" деген суроо беришти.
"Башкалар эч жерден таппайт. Анткени ал бир гана жерде өсөт, ал жерди биз курчап алып, казып жатабыз", — деди министр.
Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген маалымат жок экенин белгилешти.