Конокко барышкан. Аксыда ууланып каза болгондордун саны 6 адамга жетти

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКиши колунда спирт ичимдик менен. Архив
Киши колунда спирт ичимдик менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Учурда жергиликтүү тургундардын эмнеден ууланганы айтылган жок. Жергиликтүү бийлик так маалымат экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болорун кабарлады.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулануудан каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысы Дөөлөтбек Миңбаев билдирди.
Айыл өкмөт башчынын айтымында, жергиликтүү тургундар белгисиз затка 1-март күнү ууланган.
"Ууланып каза болгон адамдардын саны алтыга жетти. Үч күн мурун бир жерде отурган 18 адам белгисиз затка ууланган экен. Учурда үч адам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандарынын абалы жакшы эле. Алардын эмне ичкени азырынча белгисиз. Айрымдар спирт ичимдигин ичкен экен деп жатышат. Так маалымат экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", – деди айыл өкмөт башчысы.
Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү маалымат булагы каза тапкан адамдардын үчөө эркек, үчөө аял киши экенин билдирди. Анын айтымында, көз жумгандардын жашы элүүнүн тегерегинде болгон. Алар чогуу бир жерге конокко барышкан.
Буга чейин Жалал-Абад облустук милициясы үч адам каза болгондугу тууралуу маалымат берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0