Таксист уктап кетиши мүмкүн. Бишкек ШИИББ жүргүнчү көз жумган кырсык тууралуу

© Фото / Pixabay / Michal JarmolukСлучаи ДТП
Случаи ДТП - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Буга чейин Бишкектин Түштүк магистралында Honda Fit үлгүсүндөгү унаа түркүктү сүзүп, жүргүнчү мүрт кеткен. Шаардык милиция айдоочу троллейбуска урунганын айтууда.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Милиция жүргүнчү каза тапкан жол кырсыкта таксист уктап кеткен болушу мүмкүн деген версияны карманууда.
Бишкек шаардык милициясы Sputnik Кыргызстан агенттигине кандуу кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып берди. Буга чейин милициянын кайгуул кызматы Түштүк магистралында Honda Fit үлгүсүндөгү унаа түркүктү сүзүп, жүргүнчү көз жумганын билдирген
Наезд на пешехода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Бишкектин Тунгучунда уланды сүздүрүп кетти делген киши эки күндөн кийин кармалды
ШИИББдин версиясы боюнча, такси кызматынын унаасы түркүктү эмес, жолдогу троллейбуска урунган.
1992-жылы туулган жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумуп, милиция КРдин Жазык кодексинин 297-беренеси ("Жол эрежесин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.
Шектүү 20 жаштагы таксист кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына бошотулган.
Экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгына жараша шектүүнүн аракетине юридикалык баа берилмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0