Киши өлтүрүп, теракт жасамак. УКМК террордук уюмдун мүчөлөрүн кармады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТерроризмге каршы машыгуулар. Архив
Терроризмге каршы машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Кармалган эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү өлкө аймагында коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууну пландап жүргөнү айтылды.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда адам өлтүрүү жана террордук аракеттерди ишке ашырууну пландаган бандиттик топтун мүчөлөрүн кармады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда адам өлтүрүү жана террордук аракеттерди ишке ашырууну пландаган бандиттик топтун мүчөлөрүн кармады
Задержание членов международной террористической организации - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда адам өлтүрүү жана террордук аракеттерди ишке ашырууну пландаган бандиттик топтун мүчөлөрүн кармады
Мекеменин маалыматына ылайык, кармалган адамдар Сириядагы эл аралык террордук уюмдардан атайын даярдыктан өтүп келишкен. Алар өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу жана өлкө аймагында террордук актыларды уюштурууну пландап жүргөнү айтылды.
"Алар диний көз караштарга байланыштуу колго жасалган жарылуучу заттар менен жана ок атуучу куралдар менен жарандарды өлтүрүүнү пландашкан", — деп жазылат маалыматта.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, териштирүү жүрүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0