Бишкекте 9-кабаттан кулаган куруучу аман калды. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Укук коргоо органдары куруучу кандай жаракат алганын айтты. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкектин Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 18 жаштагы курулушчу кулап түштү. Октябрь райондук милициясынын маалыматына караганда, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Токтогулдагы жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жаракат алды
Кырсык 1-мартта болгон. Жумушчу жаңы курулуп жаткан 14 кабаттуу имараттын 9-кабатынан кулап түшкөн. Ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, эки буту, ийини жана сол далысы сынган.
Аталган факт Жазык кодексинин 258-беренеси ("Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0