Каза болгондор бар. Боомдо жол кырсыгы болду. Видео

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБоом капчыгайында болгон жол кырсыгы
Боом капчыгайында болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Адам өлүмү менен коштолгон каргашанын видеосун күбөлөр жиберген. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа парапетке урунганын кабарлады.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, андан эки киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Күбөлөр тарткан видеодон майрыйып калган автоунааны көрүүгө болот.
ЖКККББ Mazda 626 үлгүсүндөгү машина парапетти сүзгөнүн кабарлады.
Авария бүгүн күндүз болгон, азырынча чоо-жайы белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0