Айланма жолдо 4 унаа кагышып, бир аял менен кичине кыз көз жумду. Видео

© Фото / PixabayЖол кырсыктан кийин автоунаа. Архив
Жол кырсыктан кийин автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Адам өлүмү менен коштолгон кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат. Азырынча канча адам жабыркаганы так айтыла элек.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Токмок шаарына жакын айланма жолдогу кырсыктан эки киши каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Каргаша бүгүн саат 12.15терде Бишкек — Токмок — Кемин трассасында болгон. Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
ЖКККББдин маалыматы боюнча, Тез жардам кызматынын унаасы менен Toyota Estima бет маңдай сүзүшкөн. Кагылышуудан кийин тез жардам машинасы жүрүп бараткан Honda Inspire унаасына урунса, минивэн Audi машинасын сүзгөн. Натыйжада кырсыкка төрт автоунаа кабылган.
ЖКККББ каргашадан 37 жаштагы келин менен үч жашар кыз көз жумганын айтты, алар Honda автоунаасы менен келе жатышкан.
Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0