УКМК 59 млрд. сомду чыгарып кетүүгө катышы бар адамга издөө жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековБир миңдик сомдор барсетканын ичинде. Архив
Бир миңдик сомдор барсетканын ичинде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Атайын кызмат ири суммадагы акча качан чыгарылганын ачыктаган жок. Издөөгө алынган адамдын акчаны чыгарууга тиешеси болгону айтылат.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 59,5 миллиард сомду өлкөдөн чыгарып кетүүгө катыштыгы бар адамга издөө жарыялады.
© Фото / пресс-служба ГКНБУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 59,5 миллиард сомду өлкөдөн чыгарып кетүүгө катыштыгы бар адамга издөө жарыялады
Разыскиваемый ГКНБ Бахтияр Жолдошбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 59,5 миллиард сомду өлкөдөн чыгарып кетүүгө катыштыгы бар адамга издөө жарыялады
Мекеменин маалымат кызматы бул ири суммадагы акча качан чыгарылганын ачыктаган жок.
"Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекеттен мыйзамсыз 59,5 миллиард сом акча каражатын чыгарып кетүүгө катыштыгы бар 48 жаштагы Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич изделүүдө", — деп жазылат маалыматта.
УКМК издөөгө алынган адамдын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барларды төмөнкү телефон номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46.
Жаңылыктар түрмөгү
0