Сом купюралары. Архив

Милиция: Сокулукта кылмыштуу топтун мүчөсү насыя алып, из жашырган

(жаңыланган 11:50 16.03.2021)
Алдамчылык окуясы февралда катталган. Шектүү жакында кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Сокулуктагы микрокредиттик компаниядан насыя алган да ошол боюнча из жашырган. Бул тууралуу Чүй облусунун милициясынан кабарлашты.

Задержан  39-летний член ОПГ, который представил в МКК фиктивные документы, получил 200 тысяч сомов и скрылся.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Сокулуктагы микрокредиттик компаниядан насыя алган да ошол боюнча из жашырган. Бул тууралуу Чүй облусунун милициясынан кабарлашты

Милиция февралдын башында белгисиз киши бирөөнүн мүлкүн тартып алууга же бирөөнүн мүлкүнө ээ болуу укугун алууга аракет кылганы айтылган. Ал үчүн жаран райондогу микрокредиттик компаниялардын бирине жасалма документтерди тапшырып, 200 миң сом алган да иш из суутуп кеткен.

Алдамчылыкка шектелип 39 жаштагы киши кармалды. Милициядан таржымалын карай келгенде, ал ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталгандыгын билдиришти.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилер:
насыя, уюшкан кылмыштуу топ, Сокулук району, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК жетекчилигинин атын жамынып мамкызматкерден 180 миң доллар алгандар кармалды
ИИМ: киши өлтүрүү иши боюнча милиционер кармалды, экинчиси издөөдө
Акча жана кишен. Архивдик сүрөт

Аламүдүндө пара алган тергөөчү акчаны кайра кайтарып жатканда кармалды

(жаңыланган 16:31 10.04.2021)
Тергөөчү опузалап талап кылуу фактысы ачыкталып кетишинен кооптонуп, алган акчасын кайра кайтарып берүүнү чечкен.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү Д.Б. 2000 доллар пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тергөөчүнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте колго түшүргөн.

"М. уулу Т. аттуу адамга карата иш козголгон. Тергөөчү Д. Б. ага моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү менен сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн шектүүдөн 2000 доллар алган. Кийин опузалап талап кылуу фактысы ачыкталып кетишинен кооптонуп М. уулу Т. аттуу жаранга 1500 долларын кайтарып берген. Ал калган 500 долларын берип жаткан учурда кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган материал Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилер:
милиция, УКМК, кармоо, тергөөчү, опузалоо, пара
Тема боюнча
Жолтандабастар, 3 млн. сомдук зыян. "Унаанын" Ноокендеги башчысы кармалды
Спецназ Бишкектеги түнкү клубда атайын операция жасады. Видео
Lexus GX үлгүсүндөгү унаа

Жолтандабастар, 3 млн. сомдук зыян. "Унаанын" Ноокендеги башчысы кармалды

(жаңыланган 15:42 10.04.2021)
Абхазиядан алып келинип мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалар боюнча коррупциялык схема аныкталган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук секторунун башчысы О.М.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Абхазиядан алып келинип бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалар боюнча коррупциялык схема аныкталган. Бул иш боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылганы белгиленет.

"Эки Lexus GX үлгүсүндөгү унаага Россиядан транзиттик каттоо боюнча жасалма документ даярдалган. Анын негизинде жолтандабастарга Кыргызстанда техникалык паспорт жана мамлекеттик номер берилген. Мунун кесепетинен мамлекетке бажы төлөмдөрү түшпөй бюджетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен "Унаа" мекемесинин Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук секторунун башчысы кармалган.

УКМК тарабынан бардык жагдайларды жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Белгилер:
каттоо, жолтандабас, УКМК, кармоо, Ноокен
Тема боюнча
УКМК: "Кадастр" ишканасынын Ош филиалынын башчысы кармалды
Бажы кызматы Абхазиянын номери тагылган автоунааларды албоого чакырат
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана COVID-19 жок саякатта долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Марипов авиабилеттерди арзандатуу боюнча кеңешме өткөрүп, тапшырма берди

(жаңыланган 20:06 10.04.2021)
Өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгы айтылат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.

Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.

Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.

Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.

Белгилер:
лаборатория, арзандатуу, авиабилет, Улукбек Марипов, өкмөт
Тема боюнча
Кыргызстандын жарандары Россияга негиздемеси жок кириши мүмкүн
Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым