УКМК Бишкекте пара алды деп салык кызматкерлерин кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана кол кишен. Архив
Акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Кармалгандар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп, жасалма документ колдонуп, Кыргызстан импорттой турчу товарларга салыктык чегерүүнү алып салышкан.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорундагы Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү пара алуу фактысы менен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, атайын орган ишкердик субъектилердин салыктык чегерүүлөрүн мыйзамсыз төмөндөткөн коррупциялык схеманы аныктаган.
"18-март күнү салык төлөбөгөнгө жардам кылганы үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча Свердлов райондук салык кызматынын башчысынын орун басары К.У.К. жана Ленин району боюнча салык инспектору У.А.А. кармалышты. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп, жасалма документ колдонуп, Кыргызстан импорттой турчу товарларга салыктык чегерүүнү алып салышкан", — деп айтылат маалыматта. 
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда салык органдарында бул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттер жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0