Депутат Марат Аманкулов. Архив

ЖК депутатына кылмыш иши козголду. Сөз Марат Аманкулов тууралуу болушу мүмкүн

(жаңыланган 15:25 19.03.2021)
Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан эл өкүлү Бишкек шаардык кеңештеги жана Жогорку Кеңештеги саясий таасирин колдонуу менен көптөгөн мүлккө ээ болгондугу болжолдонуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин А.М.А. аттуу депутатына мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, эл өкүлү саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгону айтылат.

"Ал мүлктөрүн жашыруу үчүн жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 особняк, жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык каражатты түзгөн", — деп жазылат маалыматта.

Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан эл өкүлү 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен көптөгөн мүлккө ээ болгондугу болжолдонуп жатат.

УКМК учурда анын байлыгын мыйзамдаштырууга катышкан адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, аталган депутат Марат Аманкулов болушу мүмкүн.

Белгилер:
Марат Аманкулов, УКМК, кылмыш иши, депутат
В Бишкеке пропала 14-летняя Феруза Сыдыкова

Бишкекте 14 жаштагы дагы бир өспүрүм кыз жоголду. Сүрөт

(жаңыланган 20:58 10.04.2021)
Кыздын энесинин айтымында, өспүрүм үч күн мурда Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБден билдиришти.

Кечээ күнү милицияга кыздын энеси кайрылган. Ал 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да кызы Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген. 

В Бишкеке пропала 14-летняя Феруза Сыдыкова
© Фото / Пресс-служба УВД Свердловского района Бишкека
Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти

Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун. Үстүнө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында аппендицитти алгандан кийинки тырыгы бар (болжол менен 7 сантиметр).

Ферузанын жүргөн жерин билгендер болсо (0553) 10-23-87, (0557) 11-94-10, (0702) 49-88-88, (0709) 33-24-63 жана 102 номерине кабарлай алышат.

Борбор калаада 14 жаштагы Айбийке дагы дайынсыз болууда.

Белгилер:
милиция, өспүрүм, Бишкек
Тема боюнча
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Акча жана кишен. Архивдик сүрөт

Аламүдүндө пара алган тергөөчү акчаны кайра кайтарып жатканда кармалды

(жаңыланган 16:31 10.04.2021)
Тергөөчү опузалап талап кылуу фактысы ачыкталып кетишинен кооптонуп, алган акчасын кайра кайтарып берүүнү чечкен.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү Д.Б. 2000 доллар пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тергөөчүнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте колго түшүргөн.

"М. уулу Т. аттуу адамга карата иш козголгон. Тергөөчү Д. Б. ага моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү менен сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн шектүүдөн 2000 доллар алган. Кийин опузалап талап кылуу фактысы ачыкталып кетишинен кооптонуп М. уулу Т. аттуу жаранга 1500 долларын кайтарып берген. Ал калган 500 долларын берип жаткан учурда кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган материал Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилер:
милиция, УКМК, кармоо, тергөөчү, опузалоо, пара
Тема боюнча
Жолтандабастар, 3 млн. сомдук зыян. "Унаанын" Ноокендеги башчысы кармалды
Спецназ Бишкектеги түнкү клубда атайын операция жасады. Видео