БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Жогорку Кеңештин А.М.А. аттуу депутаты мыйзамсыз баюуга шектелип жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл өкүлүнүн байлыгын жарыялады:
УКМК бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиарддан ашык сомду түзөрүн билдирди.
Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, аталган депутат Марат Аманкулов болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя болгон жерге Чүй облусунун жана Аламүдүн милициясынын жетекчилиги менен кызматкерлери жөнөп кетти.
"Учурда милиционерлер жергиликтүү бийлик менен аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, кызматкерлер коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чараларды көрүүдө. Акциянын катышуучулары эмне талаптарды коюп жатканы азырынча белгисиз", — деп билдирди Чүй ОИИБ.
Анткен менен социалдык тармактарга тараган кадрлардан айыл өкмөтүн басып алган аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкө жана газ баллону бар экенин көрүүгө болот. Алар насыясын төлөй албаганы үчүн үйлөрүн алдырып жиберебиз деп нааразы болушууда. Жерине Чүй облусунун башчысы да барганы айтылды.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Баткендеги "Кадамжай-Коммунальщик" мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү 30 батир, 10 жана 15 сотыхты түзгөн эки жер тилкеси жеке жактарга берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Мүлктөр аталган ишкананын жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан сатылган.
"Тагыраагы, жогоруда кеп болгон мамлекеттик мекеме менен ишкананын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен", — деп жазылган билдирмеде.Учурда Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздары жазылган.
Андан сырткары, кызматкерлердин аракетине баа берүү үчүн Жазык кодексинин 320-беренеси менен ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекеттин бюджетине 20 миллион сомдон ашык каражатка бааланган батирин өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, батирдин жалпы аянты 232,3 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылып, бошотулду. УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштоого Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгонун белгилеп, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталбаганын айткан.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
Райымбек Матраимов экинчи ирет 18-февраль күнү кайра кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, кийин ал эки айга камакка алынган.
Кийин анын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткан. Апрелдин башында ал "Бикард" жеке клиникасынан чыгып, №47 түзөтүүчү колонияга киргизилген.