БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүрдү деп шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы менен автоунаасы табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады.
Эске сала кетсек, бүгүн түнү Өзгөн райондук ооруканасына ок тийген эки жаран түшүп, экөө тең эсине келбей каза табышкан. Милиция алар дагы башка эки киши менен унаада отурганда башка машинадагылар келип аткылап кеткендигин айткан. Аталган окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине ("Киши өлтүрүү") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталды.
Мындан тышкары, каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну М. Ш. былтыр февраль айынан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттосунда тургандыгы белгилүү болгон.
Кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагында эки элдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Чыр Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан. Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип ишти токтотууну талап кылышкан. Натыйжада эки жак талашып-тартыша кетишкен.
"Окуя болгон аймакка Баткен жана Исфара райондорунун акимдери башында турган тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да аймакта болуп, облус башчысы Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумдун алкагында жолугуп, талкуулоону макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр уланат.
Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Маалыматта тажик тараптын жумуштарды биргеликте жасоо талабына кыргыз тарап макул болбогону айтылды. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чүй облустук милициясы 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу изделип жатканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Студенттер айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 168-169 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кара жана кыска. Кара күрмө, узун жеңдүү чакмак көйнөк, кара жинсы шым жана кара туфли кийип жүргөн.
Милиция жоголгон бала тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.