БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Мурас-Ордо конушунда киши колдуу болгон баланын өлүмүнө шектелген бир тууган агасы тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 17-мартта Мурас-Ордо конушунда 13 жашар бала киши колдуу болгон. Туугандарынын айтымында, бала талма оорусунан жабыркачу. Каргашалуу күнү ата-энеси ишке кетип, үйдө 17 жаштагы бир тууган агасы калган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, бир туугандар айтыша кетип, агасы инисине бычак сайып жиберген.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришти.
Ыкчам медицина кызматы окуянын чоо-жайын бир аздан кийин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлай турганын маалымдады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.