Талаш жерден тажикстандыктардын шагыл алышына КР чек арачылары жол берген эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын чек арасындагы байкоочу мунарада чек арачы. Архив
Кыргызстандын чек арасындагы байкоочу мунарада чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Кыргыз жана тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин келген кишилер тилкеден чыгып кеткен.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн Лейлек районунун Кулунду айылындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан "Плотина" деп аталган такталбаган тилкеге тажикстандыктар шагыл алганга кирген. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
"Тажикстан жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилкеде "Плотина" аталышындагы жердеги Сай суусуна атайын техникалар менен кирип, шагыл каза баштаган. Кыргызстандын чек ара отрядынан келип Тажикстан жарандарын шагыл казууну токтотууну талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз жана тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин келген кишилер казуу иштерин токтотуп, атайын техникаларын алып чыгып кеткен.
УКМКдан азыр кыргыз-тажик чек арасында абал тынч деп билдиришти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Ташиев: кыргыз-тажик чек арасы чечилип жатканда үйлөр бузулушу мүмкүн
Эске салсак, жакында Тажикстандын Кожент шаарында 15-18-мартта кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы делимитацияланбаган тилкелердин айынан маал-маалы менен эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып турат. Тараптар СССР тарагандан бери 70ке чукул тилкенин тагдырын чече албай келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0