БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Токмоктогу Коммуналдык ишканалар комбинатынын имаратындагы өрт саат 18:02де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, Ленин көчөсүндөгү өрт чыккан жерге үч өрт өчүрүү тобу саат 07:37де барган. Бир жарым саат убакыттан соң жалын чектөөгө алынган.
Кырсыктан каза тапкандар жана жапа чеккендер болгон эмес.
Коммуналдык ишканалар комбинаты Токмок шаардык мэриясы тарабынан негизделген.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ошто адам уурдоого шектелгендер кармалганын ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-апрель күнү милицияга арыз менен бир аял кайрылган. Ал 10-апрель күнү саат 22:00дө Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн чала тааныш адамдар ага күч колдонуу менен унаага салып кетишкенин билдирген.
"Автоунаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош — Алай унаа жолу менен алып кеткендиги жана коркутуу максатында уурдашканы маалым болду. Алар аялды ээн талаага алып барып, күч колдонобуз деп коркутушкан", — деп айтылат маалыматта.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Ош шаары боюнча Тергөө кызматы Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
11-апрель күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 20:00дө Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде Алай районунун 38 жаштагы А.Э. аттуу жашоочусу Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатканда кармалган.Кийин жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делип Кара-Кулжа районунун 43 жаштагы жашоочусу А.С. менен Алай районунун 37 жаштагы П.С. аттуу тургуну колго түшкөн. Шектүүлөрдүн бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, шектүүлөр тиричилик маселелерин чечип алууну көздөп ушундай кадамга барышкан. Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштеп, ишкерлик менен алектенет.
Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облусунун трассасында төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган.
Каргаша Александровка айылында 15:00дөр чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn, Ford Transit, Lexus LX470 жана Merceses-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус кагышкан.
Натыйжада Ford үлгүсүндөгү унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.
Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынан улам Бишкекти көздөй кеткен жолдо унаа тыгыны жаралган.
Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматта Диндик экспертиза башкармалыгы болуп түзүлгөнүнө эки жылдын гана жүзү болду. Биз террордук, экстремисттик чакырык, үндөөлөрдү камтыган же улуттар аралык кагылышууларга алып келүүчү, болбосо кайсы бир топтогу адамдардын же жеке инсандын аброюна шек келтирген тексттерди талдап, иликтейбиз. Бул тууралуу Жийдегүл Семёнова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сөз аркылуу кылмыш жасоо өлкө аймагында жылдан-жылга көбөйүүдө.
"Сөз менен кылмыш жасоону негизги үч топко бөлүп карайбыз. Алар кептик бейбаштык, кептик алдамчылык жана кептик кылмыш болуп аталат. Мисалы, интернет айдыңында коомго коркунуч жаратпаган, бирок жеке бир адамды же улутту таарынткан текст — бул кептик бейбаштык болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир продукцияны эч негизсиз мактап, кымбат сатуу аракетин көргөн сыяктуу тексттер кептик алдамчылыкка кирет. Кептик кылмыш деп биз экстремисттик, террордук чакырыктарды жана башка ушул сыяктуу оор иштерге үндөгөн тексттерди атайбыз. Биздин милдет ошол жерде мыйзам бузуулар бар экенин аныктап берүү гана. Ал эми чечимди сот чыгарат. Аныктоодо биз эч качан бир гана сөзгө же сүйлөмгө басым жасабайбыз. Жазылган жалпы текстке көңүл бурабыз. Ал социалдык тармактагы бирөөнүн жеке баракчасына жазган посту болобу же анын түбүнө жазылган комментарийби, айырмасы жок", — деди Семёнова.
Лингвист 2018-жылы кептик мыйзам бузуу боюнча 86 учур катталса, 2019-жылы 950гө жеткенин кошумчалады.