Жол кырсыгына кабылган унаа. Иллюстративдүү сүрөт

Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды

(жаңыланган 16:03 22.03.2021)
Унаанын ичинде алты бала болгон. Үчөө кичине, дагы үчөө чоңураак курактагылар. Daewoo Tiko кокусунан турган ордунан жылып кеткен.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ош шаарынын четиндеги Тюльпан дачасында жол четинде токтоп турган унаа 150 метр бийиктиктен сайга кулап, 1,5 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын башчысы Альберт Абдыкеримов билдирди.

Анын айтымында, унаада айдоочу жок болгон. Машина токтоп турган жеринен жылып кетип сайга кулаган. Айдоочу унаанын артынан чуркап, бирок токтотуп кала алган эмес. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук деп катталган.

"Унаанын ичинде алты бала болгон. Үчөө кичине, дагы үчөө чоңураак курактагылар. Токтоп турган Daewoo Tiko кокусунан жылып кетип, 150 метр бийиктиктен сайга кулап кеткен. Жабыркагандардын үчөө Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми эки чоңураак баланын бири нейрохирургия, экинчиси травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. 1,5 айлык ымыркай, тилекке каршы, чарчап калган", — деди Абдыкеримов.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктагандар түлөөгө барышкан.

Белгилер:
ымыркай, кырсык, Ош
Тема боюнча
Токмок шаарындагы ири өрт 10 саатта өчүрүлдү
Өспүрүм кыз. Архивдик сүрөт

Бишкекте 14 жаштагы дагы бир өспүрүм кыз жоголду. Сүрөт

(жаңыланган 21:01 10.04.2021)
Кыздын энесинин айтымында, өспүрүм үч күн мурда Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБден билдиришти.

Кечээ күнү милицияга кыздын энеси кайрылган. Ал 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да кызы Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген. 

В Бишкеке пропала 14-летняя Феруза Сыдыкова
© Фото / Пресс-служба УВД Свердловского района Бишкека
Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти

Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун. Үстүнө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында аппендицитти алгандан кийинки тырыгы бар (болжол менен 7 сантиметр).

Ферузанын жүргөн жерин билгендер болсо (0553) 10-23-87, (0557) 11-94-10, (0702) 49-88-88, (0709) 33-24-63 жана 102 номерине кабарлай алышат.

Борбор калаада 14 жаштагы Айбийке дагы дайынсыз болууда.

Белгилер:
милиция, өспүрүм, Бишкек
Тема боюнча
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Акча жана кишен. Архивдик сүрөт

Аламүдүндө пара алган тергөөчү акчаны кайра кайтарып жатканда кармалды

(жаңыланган 16:31 10.04.2021)
Тергөөчү опузалап талап кылуу фактысы ачыкталып кетишинен кооптонуп, алган акчасын кайра кайтарып берүүнү чечкен.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү Д.Б. 2000 доллар пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тергөөчүнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте колго түшүргөн.

"М. уулу Т. аттуу адамга карата иш козголгон. Тергөөчү Д. Б. ага моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү менен сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн шектүүдөн 2000 доллар алган. Кийин опузалап талап кылуу фактысы ачыкталып кетишинен кооптонуп М. уулу Т. аттуу жаранга 1500 долларын кайтарып берген. Ал калган 500 долларын берип жаткан учурда кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган материал Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилер:
милиция, УКМК, кармоо, тергөөчү, опузалоо, пара
Тема боюнча
Жолтандабастар, 3 млн. сомдук зыян. "Унаанын" Ноокендеги башчысы кармалды
Спецназ Бишкектеги түнкү клубда атайын операция жасады. Видео