Бишкекте троллейбус каршы тилкеге чыгып, трансформаторду сүзүп алды. Видео

© Sputnik / Владимир ПесняШаардагы троллейбус. Архив
Шаардагы троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Маалымат катчынын айтымында, троллейбустун алдынан велосипедчен адам чыга калган. Коомдук транспорттун айдоочусу кагылышуудан качып, трансформаторго урунган.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкекте троллейбус карама-каршы тилкеге чыгып кетип, трансформаторго барып урунду. Бул тууралуу калаанын Кайгуул милиция кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан редакциясына билдирди.
Кырсык болгон жердеги видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.
Кайгуул милиция кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы болжол менен саат 6:00дө Өмүракунов көчөсүндө болгон. Айтикул уулунун айтымында, троллейбустун алдынан велосипедчен адам чыга калган. Коомдук транспорттун айдоочусу кагылышуудан качып, трансформаторду сүзгөн.
Ошол учурда троллейбустун ичинде жүргүнчү болгон эмес. Айдоочу аял жабыркаган жок, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0