Киши тапанчадан атып жатат. Архив

Ош шаарында мугалимди атып кетишти. Милиция шектүүлөрдү издөөдө

(жаңыланган 22:13 23.03.2021)
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматованын айтымында, маркум күндүз аталган орто мектепте информатика предмети боюнча сабак берип, кечинде таксист болуп иштеп жүргөн.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүн, 23-мартта, Ош шаарынын Көкүм Бий көчөсүнөн октон жаракат алган эркек кишинин сөөгү табылган. Маркум шаардагы №44 мектептин информатика мугалими экендигин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

“Эртең менен Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында эркек кишинин сөөгү табылган. Саат 8:00 чамасында милицияга жергиликтүү тургундар кабар беришкен. Сөөктү кароо учурунда денесинен учтуу буюмдун тактары табылган. Бул факт шаардык милиция тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталды”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Аталган кылмыш ишине шектүү адамдар изделип жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Алдын ала маалыматка караганда, каза болгон адамдын төш тарабына чачма ок тийгендиги белгилүү болгон.

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова маркум күндүз аталган орто мектепте информатика предмети боюнча сабак берип, кечинде таксист болуп иштеп жүргөндүгүн билдирди.

Белгилер:
издөө, шектүү, милиция, өлүм, мугалим, Ош шаары
Тема боюнча
Баткендин ЖКККБ жетекчиси адам өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө. Чоо-жайы
Мурас-Ордодогу 13 жашар баланын өлүмү. Кылмышка бир тууганы шектелип кармалды
Камактагы адам. Архив

Кайгуул милициясы кыз ала качкан шектүүнү кармады

(жаңыланган 17:33 16.04.2021)
Кечээ кечинде 102 телефонуна коңгуроо кагылып, шаардан кыз ала качылганы кабарланган. Кайгуул милициясы шектүүнү заматта колго түшүргөн.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкекте кыз ала качкандарды кармашты. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Кечээ, 15-апрелде, саат 20:20лар чамасында 102 телефонуна коңгуроо болуп, шаардын Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кыз ала качышты деп кабарланган.

Кайгуул милициясынын кызматкерлери келген учурда белгисиз адамдар "Субару-Легаси" унаасына кызды күч менен салып, белгисиз тарапка кеткени аныкталган.

Чакыруу менен келген милиция дароо эле ыкчам иликтөө чараларын көрүп, натыйжада А.А. аттуу 26 жаштагы жаранды колго түшүргөн. Ал Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Белгилер:
Кайгуул милициясы, шектүү, кылмыш, кыз ала качуу
Тема боюнча
Чүйдө жашы жете элек кызды ала качты деп үч жигит кармалды. Сүрөт
Айзада Канатбекованы уурдады делген шектүүлөр камакка алынды

Ошто айдоочуларды экзаменден "ийгиликтүү" өткөрүп тургандар кармалды. Видео

Унаа" мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы жана Ош облусу боюнча жетекчилери айдоочулук күбөлүк үчүн экзамен алууда жемкорлукка барышкан деп кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.

Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.

"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Белгилер:
кармоо, коррупция, айдоочу күбөлүгү, УКМК, Ош
Тема боюнча
УКМК алты айда мамлекетке канча акча кайтарганын жарыялады
Настойка иссык-кульского корня для лечения коронавируса во время пресс-конференции в Бишкеке

Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу

"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү дары чөп болуп эсептелет. Тажрыйбалуу медицина кызматкерлери коронавирустан бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунуштайт.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.

Бул тууралуу өзүнүн Facebook https://www.facebook.com/aida.zurdinova/posts/3988076644612752 баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.

"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.

Анткен менен Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изидөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.

Ал эми Зурдинов өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. https://sputnik.kg/society/20210415/1052147439/sadyr-zhaparov-koronavirus-daryloo-ykmasy.html Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын ЖМКларга билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.

Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирүү таратып, сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын эскертти. https://sputnik.kg/society/20210416/1052155226/dssu-koronavirus-uu-korgoshun-tuuraluu.html Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталарын эске салган.

Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.