Ысык-Көлдө жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа жолдун жээгинде токтоп турган ошондой эле үлгүдөгү машинаны сүзүп алган. Кырсыктан каза болгон адамдын ким экени такталып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жол кырсыгына кабылган унаа. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды
Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа жолдун жээгинде токтоп турган ошол эле үлгүдөгү машинаны сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен сүзүп алган унаанын айдоочусу каза болгон. ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жаткандыгы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0