Бишкектин четинде үч автоунаа кагышты. Жеринен тартылган видео

© AFP / JOHAN ORDONEZКырсыктан кийин автоунаа. Архив
Кырсыктан кийин автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Жол кырсыгы кечээ күнү айланма жолдо болгон. Алдын ала маалымат боюнча, унаалардын биринин айдоочусу машинаны мас абалында айдап бараткан.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкектин четиндеги айланма жолдо үч автоунаа кагышып, бир киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Окуя 23-март күнү саат 20:00дөр чамасында Калинин көчөсүндө болгон. Жеринен тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
ЖКККБнын маалыматына караганда, Nissan Bluebird үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып каршы тилкедеги фуранын капталын сүзүп кеткен. Натыйжада фура жолдон чыгып, Nissan автосу Toyota Camry унаасына урунган.
Кырсыктын кесепетинен Toyota унаасынын жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Милициянын версиясы боюнча, Nissan унаасынын айдоочусу кызуу болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0