Түндө Ысык-Атада үй өрттөнүп 62 жаштагы киши каза болду

© Фото / пресс-служба МЧСӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Өрт таңкы саат төрттөрдө өчүрүлүп, ӨКМ кызматкерлери каза болгон адамдын сөөгүн милицияга өткөрүп берген.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Түндө Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында үй өрттөнүп, анын кесепетинен 62 жаштагы киши каза болгон. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кырсык тууралуу маалымат түнкү 1:30да түшүп, бир нече мүнөттө жеткен өрт өчүрүүчүлөр аны таңкы саат төрттө өчүргөн.
"Турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 1959-жылы туулган эркек киши каза болгон. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМден өрттүн себеби такталып жатканын кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0