Ош шаарында мугалимди атып өлтүргөн делип 63 жаштагы киши кармалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОк атуучу курал. Архив
Ок атуучу курал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Көз жумган адам шаардагы №44 мектептин информатика мугалими экендиги, кечкисин таксист болуп иштеп жүргөнү белгилүү болгон.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ош шаарында мугалимди өлтүрүүгө шектүү киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Өзгөндө эки киши атылган куралы табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Өзгөндө атылган эки киши: шектүүлөрдүн унаасы менен куралы табылды. Сүрөт
Милиция шектүү катары Кара-Суунун 63 жаштагы тургунун бүгүн эртең менен кармаган.
"Ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кылмыш жасаган соӊ эски тааныштарынын үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалды. Далил буюм катары ок атуучу курал алынды", — деп жазылган маалыматта.
Учурда шектүүнүн берген көрсөтмөсүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРдин Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун белгилери менен ("Пайда көрүү максатында киши өлтүрүү") сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0