ӨКМ контейнерге башы тыгылып калган жаранга жардам берди

ӨКМ контейнерге башы тыгылып калган кишини куткарды

(жаңыланган 12:06 28.03.2021)
Бүгүн саат эртең мененки саат 08:30да мекеменин куткаруу кызматына чакыруу түшкөн. Жерине беш куткаруучу келген.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкекте контейнерге башы тыгылып чыга албай калган жаранга ӨКМ жардам берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн эртең мененки саат 08:30да мекеменин куткаруу кызматына чакыруу түшкөн. Анда шаардын Термечиков көчөсүндө эркек киши контейнердин астына башы менен кыпчылып чыга албай калганын айтышкан.

Жерине беш куткаруучу келип атайын шаймандар менен контейнерди көтөрүп, куткарышкан. Ал кишиге медициналык жардам керектелген эмес.

Белгилер:
тургун, Бишкек, куткаруу, ӨКМ
Тема боюнча
Токмок шаарындагы ири өрт 10 саатта өчүрүлдү
Токтогул суу сактагычында суу азайып, адам сөөктөрү жээкке чыгып калууда. Сүрөт
Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Чоо-жайы

(жаңыланган 19:37 17.04.2021)
Окуя тууралуу Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери сүйлөшкөн. Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагында эки элдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Чыр Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан. Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип ишти токтотууну талап кылышкан. Натыйжада эки жак талашып-тартыша кетишкен.

"Окуя болгон аймакка Баткен жана Исфара райондорунун акимдери башында турган тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да аймакта болуп, облус башчысы Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумдун алкагында жолугуп, талкуулоону макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр уланат.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Маалыматта тажик тараптын жумуштарды биргеликте жасоо талабына кыргыз тарап макул болбогону айтылды. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу. 

Белгилер:
Өмүрбек Суваналиев, сүйлөшүүлөр, Чыр-чатак, жер, Баткен, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутаттар жабык эшик артында чек ара боюнча Ташиевден маалымат угуп жатат
Билбей туруп мени сындап жатышат. Ташиев чек ара маселеси боюнча
Телефондо сүйлөшүп аткан жигит. Архивдик сүрөт

Чүйдө алты күндөн бери 21 жаштагы жигит изделүүдө. Сүрөт

(жаңыланган 15:39 17.04.2021)
Бала 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Укук коргоо органдары аны табышууга жардам сурап, белгилерин атады.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чүй облустук милициясы 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу изделип жатканын кабарлады. 

В Кыргызстане разыскивается 21-летний Байсалбек Каныбек уулу
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу

Маалыматка ылайык, Студенттер айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 168-169 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кара жана кыска. Кара күрмө, узун жеңдүү чакмак көйнөк, кара жинсы шым жана кара туфли кийип жүргөн.

Милиция жоголгон бала тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:

  • Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, 43-88-85;
  • Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 60-75-67;
  • Издөө тобу — (0558) 86-14-86, (0701) 80-18-03.
Белгилер:
издөө, бала, милиция, Чүй облусу
Тема боюнча
Ойногон жеринен таппай калышкан. Бакай-Атада эки жашар бала изделүүдө. Сүрөт
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы