БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош шаарында конок үйлөрдүн биринде жайгашкан бассейндеги белгисиз затка ууланган жети өспүрүм жана эки киши ооруканага түштү. Бул кабарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, окуя 27-март күнү болгон. Саат 20:40тар чамасында Ош облустар аралык балдар ооруканасынан милицияга жаш балдар Ош шаарындагы бассейндердин биринде белгисиз затка ууланганы боюнча маалымат түшкөн. Ал Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен катталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн.
Бассейндин администратору сууну тазалоо үчүн хлор, химиялык зат кошуларын билдирип, балдар ичип алып ууланып калышы мүмкүн экенин билдирген. Далил буюм катары бассейнден эки литр суу алынган.
Ош облустар аралык балдар ооруканасына 39 жаштагы А.Н. аттуу жаран 18, 15, 10 жана бир жаштагы балдары менен кошо келген. Ал эми 37 жаштагы К.А. аттуу жаран 14, 13 жана алты жаштагы балдарын алып келген. Дарыгерлер алар ууланганын айтышкан.
Ош шаары жана Ош облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдиргендей, эч бир ооруканадан уулануу боюнча маалымат келип түшкөн эмес. Болгону сууда көп жүрүп суук өтүп калган болушу мүмкүн деген таризде маалымат айтылган. Учурда бассейнден алынган суу лабораторияга жөнөтүлдү.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери бул окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Иликтөөнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык аял жолдошу жиберген беш миң долларды коротуп салганы үчүн коркуп, өзүнө кол салуу уюштурган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
2020-жылдын 29-декабрында 42 жаштагы Э.Г. аттуу аялдан арыз түшкөн. Анын айтымында, үйүнө бет кап кийген белгисиз эки киши кирип келип сабап, беш миң долларын алып кеткен.Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аял мындай сценарийди мурдагы жолдошу менен ишке ашырганы аныкталган. Тартип сакчылар 42 жаштагы Э.Г. менен 39 жаштагы С.О. деген шектүүлөрдү милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин алар күнөөсүн мойнуна алышкан.
"Аял жолдошу чет өлкөдөн жиберген акчасын коротуп салгандыктан коркуп ушундай кадамга барганы белгилүү болду", — дешти милициядан.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Алай районунда Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Маалыматты Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.
Анын айтымында, кырсык 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда, Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.
Анын кесепетинен автоунаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун 24, 25, 41, 54, 61 жаштагы жашоочулары жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну ар кандай жарааттарды алып, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу Ш.Д. алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.