БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, жашырылган жерден табылган Калашников АК-47 үлгүсүндөгү автоматтын окторунун номерлери атайын өчүрүлгөн.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дары тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкекте кыз ала качкандарды кармашты. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Кечээ, 15-апрелде, саат 20:20лар чамасында 102 телефонуна коңгуроо болуп, шаардын Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кыз ала качышты деп кабарланган.
Чакыруу менен келген милиция дароо эле ыкчам иликтөө чараларын көрүп, натыйжада А.А. аттуу 26 жаштагы жаранды колго түшүргөн. Ал Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.
Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.
"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.
Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.