БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кытайда кыргызстандык студент жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
ТИМ маркумдун жакындарына сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшөрүн белгилеп, андан башка иштер элчиликтин компетенциясына кирбей турганын эскертти.
Ошондой эле бул кырсык боюнча Кытайдын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзөрүн кошумчалады.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык аял жолдошу жиберген беш миң долларды коротуп салганы үчүн коркуп, өзүнө кол салуу уюштурган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
2020-жылдын 29-декабрында 42 жаштагы Э.Г. аттуу аялдан арыз түшкөн. Анын айтымында, үйүнө бет кап кийген белгисиз эки киши кирип келип сабап, беш миң долларын алып кеткен.Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аял мындай сценарийди мурдагы жолдошу менен ишке ашырганы аныкталган. Тартип сакчылар 42 жаштагы Э.Г. менен 39 жаштагы С.О. деген шектүүлөрдү милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин алар күнөөсүн мойнуна алышкан.
"Аял жолдошу чет өлкөдөн жиберген акчасын коротуп салгандыктан коркуп ушундай кадамга барганы белгилүү болду", — дешти милициядан.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Алай районунда Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Маалыматты Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.
Анын айтымында, кырсык 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда, Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.
Анын кесепетинен автоунаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун 24, 25, 41, 54, 61 жаштагы жашоочулары жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну ар кандай жарааттарды алып, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу Ш.Д. алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар бир катар азыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүү тобокелчилигине алып келерин анализдеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, аталган азыктардын тизмесин жарыялады.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал деген азыктардын катарына шоколад, таттуу-тарапа, май, ак нан жана таттуу суусундуктар кирген.
Диетанын жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүм тобокелчилигине тийгизген таасирин аныктоо үчүн Оксфорд университетинин окумуштуулары Австралия, Кытайдагы кесиптештери менен атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү анализдеп чыгышкан.Ал үчүн Улуу Британиядагы 37 жаштан 73 жашка чейинки 116 806 кишинин анализдери каралган. Илимпоздор жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүмгө кептей турчу тамактануу стилин экиге бөлүшкөн. Биринчиси — шоколад, кондитер азыктары, май, ак нан болсо, экинчиси — таттуу алкоголсуз суусундук, шоколад, конфет, май жана сыр.
"Биринчи диетаны көп учурда 60 жашка чейинки чылым чегип, спорт менен машыкпаган, ашыкча салмак жана гипертония менен жабыркаган эркектер колдонот. Мындай адамдардын 60 жаштан ашкан, бирок ашыкча салмагы жок, туура тамактанган кишилердикине салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги жогору болот", — деп айтылат маалыматта.Экинчи тамактануу стили көбүнчө аялдарга таандык экени маалым болду. Алар чылым чекпей, дайыма кыймылда болсо дагы организминде холестерин, ашыкча салмак жана гипертония болору белгиленген.
Окумуштуулар Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул оорулары туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.