Өлкөнүн үч жеринде күчү 3,5 жана 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAНациональный сейсмологический центр Университета Чили
Национальный сейсмологический центр Университета Чили - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Жердин силкинүүсү эртең менен, түштө, кечинде катталган. ӨКМ андан жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун айтты.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кечээ, 31-мартта, Талас, Ош жана Баткен облустарында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Биринчи силкинүү саат 07:43тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү төрт баллга жетип катталган. Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында үч баллга чейин сезилген.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Ал эми 12:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө болуп, Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Тогуз-Булак, Сары-Күнгөй айылдарында жана Алай районунун Кара-Жыгач, Кең-Жылга айылдарында эки жарым баллга чейин сезилген.
Ошол эле күнү саат 22:25те Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Бөжөй айылдарында үч баллга чейин, Кызыл-Коргон, Совет айылдарында эки жарым баллга чейин сезилген.
Бардык жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0