БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте жаш баланын көп батирлүү үйдүн үчүнчү кабатынан кулап кеткен окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 2-апрелде, эртең мененки саат 10:42де көп батирлүү үйдүн терезесинен жаш бала кулап кеткени тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Бөбөккө медициналык жардам көрсөтүлүп, №3 клиникалык балдар ооруканасына жаткырылды. Милициянын маалыматына ылайык, кырсык болгон маалда ал батирде жалгыз болгон.Дарыгерлердин айтымында, кырсыкка кабылган баланын эч жери сынган эмес. Учурда текшерүүдөн өтүп жатат. Абалы туруктуу экени айтылды. Медициналык тез жардам борбору буга чейин баланын баш мээси чайкалып, ичинен жаракат алганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкекте кыз ала качкандарды кармашты. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Кечээ, 15-апрелде, саат 20:20лар чамасында 102 телефонуна коңгуроо болуп, шаардын Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кыз ала качышты деп кабарланган.
Чакыруу менен келген милиция дароо эле ыкчам иликтөө чараларын көрүп, натыйжада А.А. аттуу 26 жаштагы жаранды колго түшүргөн. Ал Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.
"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.
Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.