БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте 27 жаштагы кызды мурда сүйлөшкөн жигити ала качып кетип, бир күндөн бери дайынсыз болууда.
Кыздын эжеси Дамира Казбекова сиңдисин кечээ, 5-апрель күнү, эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткенин билдирди. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
Туугандары Биринчи май райондук милицияга арыз жазган, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушууда.
“Сиңдим кечээ түштөн кийин 17:00дөр чамасында байланышка чыккан, баары жакшы деп айткандан кийин телефону өчүп калды. Ошондон бери дайынсыз болууда. Милицияга арыз жаздык, бирок жакшы реакция кылбай жатышат. Кызыбызды эртерээк таап беришин суранабыз”, — деди Казбекова.
Ал эми Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы бул боюнча кийинчерээк комментарий берүүнү убадалады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкекте кыз ала качкандарды кармашты. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Кечээ, 15-апрелде, саат 20:20лар чамасында 102 телефонуна коңгуроо болуп, шаардын Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кыз ала качышты деп кабарланган.
Чакыруу менен келген милиция дароо эле ыкчам иликтөө чараларын көрүп, натыйжада А.А. аттуу 26 жаштагы жаранды колго түшүргөн. Ал Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте өткөн митингге байланыштуу эртең Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде кеңейтилген жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды.
Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи.
"Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медициналык кызматкерлердин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз", — деген Новиков.
Медиктер пандемияда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алгандарга компенсация төлөө, эмгек акынын аздыгы, коргоо жана коопсуздук кепилдигине байланышкан көйгөйлөрдү ортого салышты.