Кылмыш болгон жер. Архив

Бишкектен ала качып кетти деген кыз менен шектүү кишинин сөөгү табылды

(жаңыланган 00:15 08.04.2021)
Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап салган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте белгисиз адамдар ала качып кеткен кыздын сөөгү ордо калаадан анча алыс эмес жерден табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.

Аталган факт боюнча Жазык-процесстик кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, милиция аны эки күндөн бери издеп жаткан.

"7-апрель күнү болжол менен саат 14:30дар чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунда автоунаанын ичинен аял менен эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн", — деп жазылат кабарда.

Жерине ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, буга чейин кызды ала качып кетти деп изделип жаткандардын Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаасын аныкташкан.

"Автоунаанын ичинде зомбулук менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы кыздын сөөгү жана бычакталган 36 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган", — деп айтылат билдирмеде.

Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.

Учурда ишти акыйкат жана ар тараптан иликтөө үчүн тергөө жүрүп жатканы айтылды. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган. Милиция кошумча маалымат берилерин билдирди.

Белгилер:
өлүм, кыз ала качуу, милиция, Чүй облусу, Бишкек
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (41)
Тема боюнча
Милиция Бишкекте ала качып кетти деген кызды эки күндөн бери издеп жатат
Бишкектик кыз бир күндөн бери дайынсыз. Ала качкан учуру видеого түшүп калган
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу

(жаңыланган 18:53 13.04.2021)
Жол кырсыгы Александровка айылында катталган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облусунун трассасында төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган. 

Каргаша Александровка айылында 15:00дөр чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn, Ford Transit, Lexus LX470 жана Merceses-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус кагышкан.

Натыйжада Ford үлгүсүндөгү унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынан улам Бишкекти көздөй кеткен жолдо унаа тыгыны жаралган.

Белгилер:
тыгын, унаа, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада
Кишен. Архив

УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген эки кыргызстандыкты кармады

(жаңыланган 18:21 13.04.2021)
Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бүгүн, 13-апрелде, мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен М.К. жана М.Т. аттуу эки кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандардын кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынган.

"Мыйзамга ылайык, мындай кылмыш жасагандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

Белгилер:
чыккынчы, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды
Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев. Архив

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көлдү башкаруу ниетиндеби? Өзү эмне дейт

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын бир аз убакыт башкарган Жапыкеев марттын аягында Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган.

БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев аталган аймактын башчысы болгум келет деген маалыматты төгүндөдү.

Эскерте кетсек, мындай кабар жергиликтүү ЖМКлардын бирине жарыяланган. Өз оюн Жапыкеев Facebook баракчасына билдирди.

"Биринчиден, мени эл, облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алды. Буюрса, аймактын маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин. Өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн иштесек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын да чеги болот. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип, эл менен жолугабыз. Алардын көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен кошо угабыз", — деп жазган ал.

Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.

Кийин ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Жапыкеев буга чейин аталган тармакта эмгектенген, Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн.

Белгилер:
социалдык тармак, прокурор, Ысык-Көл облусу, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жапыкеев президент Жапаровдун жарлыгы менен генерал болгон
Ашканадагы билдирүүдөн Финполго чейин. Сыймык Жапыкеев тууралуу 9 факты