Эркек киши кызга зомбулук көрсөтүүдө. Иллюстративдик сүрөт

Уурдалып, киши колдуу болгон Айзаданын окуясы боюнча жаңы жагдайлар айтылды

(жаңыланган 10:27 08.04.2021)
Күбөлөрдүн милицияга берген маалыматы боюнча, 5-апрель күнү саат 19:00дөр чамасында кыз апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп "сарсанаа болбогула, үйгө барам" деген.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы Бишкектен уурдалып, кийин киши колдуу болгон кыздын окуясы боюнча жаңы жагдайларды айтты.

Тергөөнүн жүрүшүндө күч органдары Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаанын ээсин аныкташкан. Унаа ээси Н.К. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну машинаны К.Д. аттуу адамга ижарага бергенин билдирген. Ал эми К.Д. аттуу киши Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаа менен анын Т.З. аттуу улуу агасы иштээрин айткан.

"Дал ошол автоунаа менен 36 жаштагы Т.З. аттуу адам тааныштары менен К.А. аттуу 27 жаштагы кызды ала качып белгисиз тарапка кетишкен", — деп жазылат билдирмеде.

Кызды ала качкан 5-апрель күнү милиция кызматкерлерине Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаанын Ак-Өргө жаңы конушунан батыш тарапты көздөй багыт алгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылды. Буга байланыштуу Сосновка айылындагы постуна кошумча милиция коюлган.

Күбөлөрдүн милицияга берген маалыматы боюнча, 5-апрель күнү саат 19:00дөр чамасында апасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Айзада "сарсанаа болбогула, үйгө барам" деп жооп берген. 6-апрелге караган түнү болжол менен 2:00дө кыздын апасы милиция кызматкерлерине чалып, кызы үйгө келбегенин кабарлаган. Кыздын телефону апасы менен сүйлөшкөндөн кийин эле өчүп калганы аныкталган.

"Т.З. аттуу адам 27 жаштагы К.А. аттуу кыз менен төрт айдан бери тааныш экени маалым болду. Ал автоунаа менен кызга келип жүргөн. Күбөлөрдүн айтымында, 36 жаштагы Т.З. тааныштарына өлтүрүлгөн кыз тууралуу көп айтып, ага үйлөнөрүн да билдирген", — деп жазылат маалыматта.

Бишкектен уурдалган кыздын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа 7-апрелде Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.

Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.

Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар деген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Күч органдары учурда дагы эки шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, кыздын туугандары аны 5-апрелде эле издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга арыз жазып, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушкан.

Белгилер:
кыз, өлүм, милиция, кыз ала качуу, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)
Тема боюнча
Бишкектен кыз ала качууга катыштыгы бар делген шектүүнүн бири кармалды
Милиция Бишкекте ала качып кетти деген кызды эки күндөн бери издеп жатат
Бишкектен ала качып кетти деген кыз менен шектүү кишинин сөөгү табылды
Камактагы адам. Архив

Кайгуул милициясы кыз ала качкан шектүүнү кармады

(жаңыланган 17:33 16.04.2021)
Кечээ кечинде 102 телефонуна коңгуроо кагылып, шаардан кыз ала качылганы кабарланган. Кайгуул милициясы шектүүнү заматта колго түшүргөн.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкекте кыз ала качкандарды кармашты. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Кечээ, 15-апрелде, саат 20:20лар чамасында 102 телефонуна коңгуроо болуп, шаардын Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кыз ала качышты деп кабарланган.

Кайгуул милициясынын кызматкерлери келген учурда белгисиз адамдар "Субару-Легаси" унаасына кызды күч менен салып, белгисиз тарапка кеткени аныкталган.

Чакыруу менен келген милиция дароо эле ыкчам иликтөө чараларын көрүп, натыйжада А.А. аттуу 26 жаштагы жаранды колго түшүргөн. Ал Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Белгилер:
Кайгуул милициясы, шектүү, кылмыш, кыз ала качуу
Тема боюнча
Чүйдө жашы жете элек кызды ала качты деп үч жигит кармалды. Сүрөт
Айзада Канатбекованы уурдады делген шектүүлөр камакка алынды

Ошто айдоочуларды экзаменден "ийгиликтүү" өткөрүп тургандар кармалды. Видео

Унаа" мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы жана Ош облусу боюнча жетекчилери айдоочулук күбөлүк үчүн экзамен алууда жемкорлукка барышкан деп кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.

Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.

"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Белгилер:
кармоо, коррупция, айдоочу күбөлүгү, УКМК, Ош
Тема боюнча
УКМК алты айда мамлекетке канча акча кайтарганын жарыялады
Кыз Ысык-Көл тамырын бөтөлкөсүн сүрөткө тартып жатат

Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео

(жаңыланган 23:42 16.04.2021)
Президенттик аппараттан аконит кайнатмасын даярдоочу имарат толук тазаланганын жана тийиштүү деңгээлде жабдылганын билдиришти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.

Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Бүгүн саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.

"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, уу коргошун, дары, коронавирус, чөп
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт