49 млн. сомду жеп коюшкан. УКМК жол куруудагы коррупциялык ишти аныктады

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча менен конверт. Архив
Акча менен конверт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Аталган коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекетке 49 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген. Бул кылмышка шектүү катары Чүй облусунун автожолдорунун аймактык башкармалыгынын башкы инженери кармалган.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинде ири коррупциялык схема аныкталганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүдө 2019-жылы департамент жолдорду куруу жана оңдоо үчүн керектүү продукцияларды сатып алууда мыйзам бузууга жол бергени айтылат.
"Мекеменин жооптуу кызмат адамдары жол тейлөө мекемелеринин жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, пайда табуу максатында алынган чийки заттын жарымын жеке компанияларга сатышкан, ошол эле учурда берилген маалыматта сарпталган чийки заттын көлөмүн жана баасын атайылап ашыкча көрсөтүшкөн", — деп жазылат кабарда.
Аталган коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекетке 49 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген.
Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") менен козголгон кылмыш ишине шектүү делип Чүй облусунун автожолдорунун аймактык башкармалыгынын башкы инженери А.Р.А. кармалып, УКМКнын тергөө-камак жайына киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0