Уурулукка, алдоого шектелип шайлоо өнөктүгү маалында 4 талапкер кармалды

© AFP / SIPHIWE SIBEKOАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Прокурордун айтымында, кармалгандар добуш сатып алуу, уурулук, алдамчылык беренелери боюнча шектелүүдө.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Шайлоо өнөктүгү маалында депутаттыкка талапкер болгон төрт адам кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын улук прокурору Атур Бит-Аврагим билдирди.
Шайлоо участкасында добуш берүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Ошто бюллетендер АСУга эмес коробкага салынганбы? ИИМдин жообу
Ал эми Ош шаарында добуш сатып алуу жана Токтогул районунда алдамчылык беренелери боюнча эки талапкер кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Кечээ, 10-апрелде дагы, Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип бир талапкер кармалганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0