Сокулукта Lexus жолдо турган унааны сүзүп, бир адам каза тапты. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуLexus менен Daewoo Labo сүзүлгөн жер
Lexus менен Daewoo Labo сүзүлгөн жер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, жүк ташыган унаанын айдоочусу жолдун четине токтоп дөңгөлөк алмаштырып жатканда ары жактан башка машина келип сүзгөн.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Сокулукта Lexus үлгүсүндөгү кроссовер жолдо токтоп турган Daewoo Labo кичи жүк ташуучу унаасын коюп кетти. Күбөлөр окуядан бир адам каза болгонун айтышууда.
Жеринен тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Күбөнүн айтымында, жүк ташыган унаа жолдун четине токтотулуп, айдоочусу дөңгөлөк алмаштырып жаткан. Кадрдан бул автого жашылча жүктөлгөнүн көрүүгө болот.
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык болгонун тастыктап, Daewoo унаасынын айдоочусу каза болгонун кабарлады.
Учурда Сокулук районунун ыкчам-тергөө тобу кырсыктын себептерин тактап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0