Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду

© REUTERS / David W CernyМедициналык кызматкер ооруканада бейтапты колунан кармап жатат. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада бейтапты колунан кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Алгач 19-20 жаштагы үч эркек бала көз жумуп, дагы үч баланын жаракат алганы айтылган. ӨКМ ооруканага жеткирилгендердин дагы бирөө каза болуп калганын кабарлады.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган үрөй учурган жол кырсыгынан дагы бир бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 сүзүшкөн.
Алгач 19-20 жаштагы үч эркек бала көз жумуп, дагы үч бала Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылган.
"Ооруканада жаткан 20 жаштагы Ж.Т. дагы көз жумду", — деп билдирди ӨКМ.
Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучу тартылган. Алар маркумдардын сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0