Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМоскванын көчөсүндө полиция кызматкерлери. Архив
Москванын көчөсүндө полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө. Алардын бири 2012-жылдан бери табылбай жаткан.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекенинде мамлекеттик издөө жарыяланган жарандарды колго түшүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин негизинде РФтин аймагында жашынган үч шектүүнү кармады.
Ага ылайык, 2011-жылы 1990-жылкы Э.О. эки шериги менен Сокулук районундагы үйлөрдүн бирине кирип үй ээлерин сабап туруп 100 миң сомун алып кеткен. 2012-жылы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Столдогу судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
1000 сомдук телефон, гамбургердеги баңгизат, түрмө. Марттагы соттук чечимдер
Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөө жарыяланган К.С. аттуу 1952-жылкы аялдын жүргөн жери дагы аныкталган.
Мындан сырткары, 2020-жылдан бери балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 1979-жылкы М.Э. дагы кармалган.
Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0