"Ата-Бейит" комплекси жактагы тоодон өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Денис Асланов / Медиабанкка өтүүТоодогу өрт. Архив
Тоодогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Тоодогу куураган чөптөн өрт саат сегиздерде чыгып, ондордо чектөөгө алынды. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Тоо жактагы өрт куураган чөптөн чыккан. Аны өчүрүүгө саат 19:58де Ленин районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 22:09да чектөөгө алынганы маалымдалды. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилери айтылды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0