Уу коргошунга ууланып ооруканага түшкөн төрт кишинин абалы айтылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПродажа Иссык-Кульского корня в Бишкеке
Продажа Иссык-Кульского корня в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Учурда бейтаптар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө дарыланууда.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланып ооруканага түшкөн бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Баарынын абалы жакшы, туруктуу. Дарылануусун улантып жатышат", — дешти ведомстводон.
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
COVID: дарылануунун жаңы протоколу чыкты, уу коргошун да жазылганбы?
Кечээ, 20-апрель күнү, уу коргошунга төрт адам ууланып, ооруканага түшкөн. Алардын бири тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан.
Ага чейин ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0