Байкоочу мунарадагы чек арачы. Архив

Баткенде чек арага жакын жерден эки бала жоголуп, издөө иштери башталды

205
(жаңыланган 13:56 24.04.2021)
Дайынсыз болуп жаткан балдар 19 жана 21 жашта. Алар жаткан жердеги бут кийимдерде кандын тагы калган.

ОШ, 24-апр. – Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден жоголуп кеткен кыргызстандык эки уланды  издөө иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.

Бүгүн, 24-апрелде, социалдык тармакка видео тарады. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын жашоочусу кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехте иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган. Аял уландардын биринин уюлдук телефону жаткан жеринде калганын, бут кийимдеринде кандын тагы бар экенин айткан.

Бердигулованын айтымында, өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустук күч түзүмдөрүнө чек арада катталган окуя боюнча дайынсыз болуп жаткандарды издөө тапшырмасын берди. Учурда Лейлек району менен чектешкен Тажикстандын Гафуров районунун күч түзүмдөрүнө кат жолдонду.

"Дайынсыз болуп жаткан балдар Эски-Оочу айылынын 19 жана 21 жаштагы жашоочулары экендиги аныкталды. Алардын биринин кол телефону алар түнөгөн чатырда калган", – деди Бердигулова.

Ал кошумчалагандай, экинчи уландын мобилдик телефону өзү менен кошо болушу мүмкүн. Ошондуктан күч түзүмдөрү аларды аппараттын номери аркылуу дагы издеп жатышат.

205
Белгилер:
адам, жоголуу, Тажикстан, чек ара, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (218)
Тема боюнча
Мүйүзүн кесип салышкан. Чек арадан эликтерди алып өтмөкчү болгондор кармалды
Күйөөсүнүн 5000 долларын коротуп, өзүнө кол салуу уюштурган аял кармалды
Рио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу

Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео

66
(жаңыланган 00:31 07.05.2021)
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп, 25 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, шаар полициясы баңгизат сатуучуларды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана полициянын бир офицери каза болгону айтылат. Алардан тышкары төрт адам жаракат алган. Экөө жай тургун экени кошумчаланды.

66
Белгилер:
өлүм, видео, атышуу, полиция, Бразилия
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео
Сотрудник новой Патрульной службы милиции по городу Бишкек держит рацию во время презентации пилотного проект

Милиция Лебединовкада уурдалган кызды табууга элден жардам сурап жатат. Сүрөт

127
(жаңыланган 19:55 06.05.2021)
5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы кызды уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында Лебединовкада 25 жаштагы Изят Курбанова аттуу кызды уурдоого 24 жаштагы Мамаяров Абдумалик Абдрахманович шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

6-май күнү түнкү саат 02:00дө Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 19 жаштагы кыздын арызы келип түшкөн. Анын айтымында, 5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы эжесин уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

Тартип сакчылары шектүүнүн ким экенин аныктап жашаган жерине барганда анын туугандары баласы кайсы жакта жүргөнүн өздөрү дагы билбей жатканын айтышкан. Ал эми кыздын туугандары кыз менен бала буга чейин сүйлөшүп жүргөнүн билдиришкен.

"Учурда Чүй ИИББ менен Аламүдүн ИИБдин эң тажрыйбалуу милиция кызматкерлери ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүп жатат. Шектүү менен кыздын бардык байланыштары изилденүүдө", — дешти милициядан.

Чүй облустук ИИББ 1995-жылкы Изят Курбанова менен 1997-жылкы Абдумалик Мамаяровду көргөн-билгендер болсо 0312 43 01 27, 43 88 85, 0701 26 63 01, 0312 36 35 27 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.

127
Белгилер:
издөө, милиция, уурдоо, кыз, Лебединовка
Тема боюнча
Бишкекте чак түштө 17 жаштагы улан уурдалды. Кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү